Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин (VII шайланган) кезексиз 20-сессиясы
2024-жылдын 22-апрели № 20/8
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн жалпы жер фондусунун инвентаризациялоо жумуштарын оңдоп түзөө иштерин жүргүзүү боюнча “Кыргызмамжердолбоор” мамлекттик ишканасы тарабынан даярдалган материалдардынын жыйынтыктарын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” Мыйзамынын 18 “ Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө жергиликтүү кеңештердин компетенциясы жөнүндөгү" беренесинин 3 “Айылдык кенеш жергиликтүү жааматтын пикирин эске алуу менен райондун администарциялык аймактык түзүлүшү боюнча сунуштарды карайт, айылдык аймактын айылдык калктуу конуштардын курулуш куруу долборлорунун башкы планын бекитет, жеке жактардын менчигине берилүүчү жер усатокторунун чектик өлчөмүн аныктайт, райондук мамлекеттик администарциясы менен бирдикте айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды иштеп чыгуу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жанаайыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кошмо жыйынынын 19.04.2024-жыл № 1 “Айыл өкмөтүнүн жалпы жер фондусунун инвентаризациялоо жумуштарын оңдоп түзөө иштерин жүргүзүү боюнча “Кыргызмамжердолбоор” мамлекттик ишканасы тарабынан даярдалган материалдардынын жыйынтыктарын кароо жөнүндөгү” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара –Кулжа айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо боюнча иш кагаздары, АКТ сы жана материалдарынын жыйынтыктары эске алынсын.
2.Кара-Кулжа айыл аймагынын административдик чек арасынын “Секелек” жана “Жаналмай” учаскаларындагы жер аянттар боюнча Кара-Кочкор айыл аймагы менен талаш маселелер белгиленсин.
3. Кара –Кулжа айыл аймагынын административдик чек арасынын талаш жерлер боюнча сотко кайрылууга документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Бөрүбаев |