Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин (VII шайланган) кезексиз 20-сессиясы
2024-жылдын 22-апрели № 20/9
Кара-Кулжа айыл аймагындагы жеке көмөкчү чарба жүргүзүүгө жана чарба багытындагы курулуш алдындагы жерлерди ижарага отургузуу үчүн жер аянтынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” Мыйзамынын 18-беренесинин 4 “Айылдык кенеш жеке көмөкчү чарба жүргүзүү, курулуш куруу жана турак жайды тейлөө үчүн жер участоктордун өлчөмдөрүн белгилейт, жер кадастрын бекитет, тийешелүү район үчүн мыйзамдар менен бекитилген базалык ставканын негизинде эсептелген айылдык аймак үчүн белгиленген салыктардын жалпы суммасынын чектеринде кыртыш бонитетинин баллын эске алуу менен айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн салыктын дифференциялдуу ставкаларын белгилейт өз компетенциясынын чектеринде жер мамилелери чөйрөсүндө башка маселелерди чечүү жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кошмо жыйынынын 19.04.2024-жыл № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл аймагындагы жеке көмөкчү чарба жүргүзүүгө жана чарба багытындагы курулуш алдындагы жерлерди ижарага отургузуу үчүн жер аянты 0.10 га өлчөмүндө бекитилсин.
2. Айыл чарба багытындагы курулуш алдындагы жерлерди ижара отургузуу мөөнөтү 5 (беш) -жыл убакыт белгиленсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Бөрүбаев |