Загрузка документа…
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 2-отуруму
ТОКТОМУ
14.12.2024-жыл. № 2/9
Гүлчө айылы
«Гүлчө автобекет» муниципалдык ишканасынын жумушчуларынын айлык акыларын бөлүп берүү жөнүндөгү Гүлчө айылдык кеңештин 22.08.2024-жылдагы №8/2 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө:
«Гүлчө автобекет» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Таалайбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1. «Гүлчө автобекет» муниципалдык ишканасынын жумушчуларынын айлык акыларын бөлүп берүү жөнүндөгү Гүлчө айылдык кеңешинин 22.08.2024-жылдагы №8/2 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. «Гүлчө автобекет» муниципалдык ишканасынын киреше жана чыгаша бөлүгү жалпы 895,7 мин сом, анын ичинен 6 штаттык бирдиги менен эмгек акыга жыл аягына чейин 555,2 мин сом, социалдык фондго чегерүүгө 95,8 миң сом жана электр энергиясына 6,0 миң сом, башка товарларды жана кызматтарды сатып алуу 215,0 мин сом, учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алууга 23,7 мин сом жалпы 895,7 мин сомго сметага түзүлүп, сметага ылайык бекитилсин. (тиркелет 1 барак смета)
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыздоо жагы Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн СЭӨП башчысы Э.Каныбек кызына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Самиев |