Редакцияот 15.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КөК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы

 

2025-жылдын 15-майы  №7-8

Жийде айылындагы 200,0 га жер аянтына тамчылатып суугарууга макулдук берүү тууралуу

Жийде айылынын жашоочуларынын арызына негиз, үлүш, жайыт, айыл чарба багытындагы кайрак жер аянттарынан 200,0 га жер аянтына тамчылатып суугарууга макулдук берүү максатында “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына таянып, жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кеңеши, токтом кылат:

1.Жийде айылынын жашоочуларынын арызына негиз, Жийде айылындагы үлүш, жайыт, айыл чарба багытындагы кайрак жер аянттарынан 200,0 га жер аянтын тамчылатып суугарууга макулдук берилсин.

2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

      Төрага

 

Р.Арапов