Редакцияот 10.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Манас айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XI сессиясы

 

2025-жылдын 10-октябры № 11/2

 

Манас айыл аймагындагы “Ак-кеме нуру” муниципалдык балдар бакчасына кошумча филиал ачуу жөнүндө

Манас айыл аймагынын Таджик-Абад айылындагы “Ак- кеме нуру” муниципалдык балдар бакчасынын жетекчиси Ахмадалиева Саёра Толкунбаевнанын жазган арызы жана ата-энелрдин “Ак кеме-нуру” мектепке чейинки билим берүү уюмунун филиалын ачуу жөнүндөгү сураныч каты Манас айылдык кеңешинин социалдык комиссиясынын 09.10.2025-ж №2 Протоколунун негизинде, Манас айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууга алынып, кенири ой-пикирлерден кийин Манас айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздарынын негизинде, Манас айыл аймагынын Таджик-абад айылындагы “Ак-кеме нуру” муниципалдык балдар бакчасынына, Кызыл-мээнет айылынын Бегиев көчөсүндөгү №4 үйүнө кошумча филиал 3 тайпа ачуу сунушталсын.

2. Манас айыл аймагынын Таджик-абад айылындагы “Ак-кеме нуру” муниципалдык балдар бакчасына кошумча филиал жана 3 тайпа ачуу үчүн штаттык бирдиктерди берүү Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

3. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын “Ак-кеме нуру” муниципалдык балдар бакчасынын жетекечиси Ахмадалиева Саёра Толкунбаевнага жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Манас айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Токтосуновго тапшырылсын.

 

 

Төрайым

 

Х. Ш. Артыкова