Редакцияот 06.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги X  сессиясы (сегизинчи чакырылыш)

2025-жылдын 06-ноябры № 7

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгын жана “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгын жана “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу жөнүндөгүмаселени карап чыгып, талкуулап, Кыргыз Республикасынын”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгын жана “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашырууга Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылдын 10 –сентябрындагы №223 буйругун аткарууга макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгын жана “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу алкагын мыйзам чегинде аткаруу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.(Э.Эшиев)

3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кенештин укук, мыйзамдуулук жана административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Беделов)

 

Отуз-Адыр айылдык

кеңешинин тѳрагасы

 

Д. Атанов