Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 19-сессиясы
ТОКТОМ
23.04.2024-жыл. № 19-3
Араван айылы
Араван айылынын А.Солиев көчөсүнүн тургуну Осмонов Эрмамат А.Солиев көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 1080,0 чарчы, мт турак жай жер тилкесинин ичинен 100,0 чарчы, мт жер тилкесинин багытын комерциялык (токардык станок орнотуп элге кызмат көрсөтүү) багытына өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызын кароо жөнүндө.
Араван айылынын А.Солиев көчөсүнүн тургуну Осмонов Эрмамат А.Солиев көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 1080,0 чарчы, мт турак жай жер тилкесинин ичинен 100,0 чарчы, мт жер аянтын багытын комерциялык (токардык станок орнотуп элге кызмат көрсөтүү) багытына өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызы боюнча топтолгон юридикалык документтери каралып чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк обьекттерин долбоорлоо, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн обьекттердин ылайыктуулугун баалоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 6-август 2021-жылдын №114-токтомун жетекчиликке алып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып,
С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Араван айылынын А.Солиев көчөсүнүн тургуну Осмонов Эрмамат А.Солиев көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 1080,0 чарчы, мт турак жай жер тилкесинин ичинен 100,0 чарчы, мт жер аянтынын багытын комерциялык (токардык станок орнотуп элге кызмат көрсөтүү) багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Араван айылынын А.Солиев көчөсүнүн тургуну Осмонов Эрмамат А.Солиев көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 1080,0 чарчы, мт турак жай жер тилкесинин ичинен 100,0 чарчы, мт жер аянтын багытын комерциялык (токардык станок орнотуп элге кызмат көрсөтүү) багытына өзгөртүп берүүдө С.Юсупова айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартибин жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жер тилкесинин багытын өзгөртүп берүү жагы сунушталсын. Бирок, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Файзуллаев |