Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 31-январы №15
Көк-Жар айыл аймагындагы эски скважиналарды муниципалдык менчикке алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 78-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Ош шаарынын мэринин орун басары С.Джунусбаевдин Ош шаарынын А.Масалиев проспектисиндеги, Курманжан датка, Ленин, А.Асранкулов көчөлөрүндөгү жалпысынан 3833 түп даракты кыюу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 30-январындагы №11 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарынын төмөнкү көчөлөрүндөгү дарактарды кыюуга макулдук берилсин:
-А.Масалиев проспектисиндеги (И.Раззаков проспектисинен тартып Б.Нурматов көчөсүнө чейин) 453 түп дарак;
-Курманжан датка көчөсүндөгү (А.Навои көчөсүнөн тартып А.Суйумбаев көчөсүнө чейин) 1468 түп дарак;
-Ленин көчөсүндөгү (А.Навои көчөсүнөн тартып С.Вахапова көчөсүнө чейин) 1870 түп дарак;
-А.Асранкулов көчөсүндөгү (Курманжан датка көчөсүнөн тартып Ленин көчөсүнө чейин) 42 түп дарак.
2.Ош шаарынын мэриясы (Ж.Токторбаев):
-ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн көчөлөрдөгү дарактарды кыюуга тиешелүү кызматтардан корутунду алуу;
-дарактарды кыюу иштерин Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин, Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы №743 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын токойлорунда өсүп турган дарактарды турган жеринде баалап өткөрүүнүн эрежесинин” жана башка тиешелүү мыйзамдардын талаптарына ылайык жүргүзүү;
-аталган көчөлөрдү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин иштелип чыккан долбоорго ылайык жүргүзүү милдеттендирилсин.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Токтом кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага |
Б.Т.Баетов |