Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 31-январы №16
“Ош шаарынын мэриясынын айылдык аймактык башкармалыктарынын айыл башчылары жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, “Ош шаарынын мэриясынын айылдык аймактык башкармалыктарынын айыл башчылары жөнүндө” Жобо боюнча Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси А.Шаршеналы уулунун маалыматын угуп, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 24-январындагы №1 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.“Ош шаарынын мэриясынын айылдык аймактык башкармалыктарынын айыл башчылары жөнүндө” Жобо бекитилсин (тиркелет).
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Тургунбаев) жүктөлсүн.
Төрага |
Б.Т.Баетов |