Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 31-январы №17
Ош шаардык Кеңешинин Президиумун түзүү жана анын курамын бекитүү жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 7 главасынын ченемдерине ылайык, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаардык Кеңешинин Президиуму түзүлсүн жана анын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
2.Президиумдун мүчөсү ээлеген кызматынан бошогондугуна байланыштуу Президиумдун курамынан чыккан учурда анын милдеттери жаңы дайындалган адамга өтөөрү белгиленсин.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси И.Э.Абдыраимовго жүктөлсүн..
Төрага |
Б.Т.Баетов |