Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 19-сессиясы
ТОКТОМ
23.04.2024-жыл. № 19-12
Араван айылы
С.Юсупова айыл аймагындагы СПАларын, ИСКАКБларын жана С.Юсупова ЖПБсин жоюуп, кайрадан бириктирип, бир муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө.
С.Юсупова айыл өкмөтүнүнө караштуу СПАлар, ИСКАКБлар, С.Юсупова жайыт комитети ишканаларын жоюуп, кайрадан бириктирип, бир муниципалдык ишкана түзүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовдун билдирүүсүн угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, муниципалдык ишканаларды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтому менен бекитилген “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” Убактылуу жобого ылайык, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1.С.Юсупова айыл аймагындагы “Оби-хает”, “Кара-Коргон”, “Үмүт-Араван” жана “Теват” СПАлары, “Зилал-Суу”, “Бирлик” жана “Төрт-Таш” ИСКАКБлары , С.Юсупова ЖПБси жоюулуп, кайрадан бириктирип, бир муниципалдык ишкана болуп уюштурулсун.
2. С.Юсупова айыл аймагындагы ишканаларды мыйзам чегинде жоюуу тийиштүү мамлекеттик мекемелерден каттоодон чыгаруу, ишин токтотуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. С.Юсупова айыл аймагындагы иканаларды жоюу менен кайрадан бириктирип, бир муниципалдык ишкана уюштуруп, тийиштүү мамлекеттик мекемелерден каттоодон өткөрүү айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Ахматахуновго жүктөлун.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н,Абдураимовго жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Файзуллаев |