Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-майы №1
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылына ачылган Дароот-Коргон тарыхый музейине штаттык бирдик кароого макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 токтомун аткарууга алып Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 токтомуна ылайык Дароот-Коргон тарыхый музейине башкы сактоочу кызмат орунуна 1 штаттык бирдик ал эми жана кенже тейлөөчү кызмат орунуна 1 штаттык бирдик жалпы 2 штаттык бирдик каралсын.
2. Токтомду аткаруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана ФЭБ башчысы О.Сейдановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
С.Мойдунов |