Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХ-сессиясы
ТОКТОМ
25.05.2024-жыл. № 20-1
Араван айылы
С. Юсупова айыл аймагынын Араван айылынын М.Султанов көчөсүндө жайгашкан Араван Билим –Ордо мектеби бошотуп берген имаратты натыйжалуу, максатуу пайдалануу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовдун билдирүүсүн кароо жөнүндө.
С. Юсупова айыл аймагынын Араван айылынын М.Султанов көчөсүндө жайгашкан Араван Билим –Ордо мектеби бошотуп берген имаратты (жер тилкеси 0,36га) натыйжалуу, максаттуу пайдалануу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, сессияга катышкан депутаттардын айыл аймагында мектеп жетишпестигине байланыштуу, аталган имаратты орто мектепке айландыруу боюнча сунуш-пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1. С. Юсупова айыл аймагынын Араван айылынын М.Султанов көчөсүндө жайгашкан Араван Билим –Ордо мектеби бошотуп берген имаратты натыйжалуу, максаттуу пайдаланууда аталган имаратты балдарга билим берүү орто мектеп кылып колдонууга макулдук берилсин.
2.Айыл өкмөтүнө Араван Билим –Ордо мектеби бошотуп берген имаратты муниципалдык менчикке алуу жана орто мектепке айландырууда керектүү документ иштерин даярдоо жагы тапшырылсын.
3.Араван Билим –Ордо мектеби бошотуп берген имаратын натыйжалуу, максаттуу пайдаланууда аталган имаратты балдарга билим берүү орто мектеп кылып колдонууга берүүдө С.Юсупова айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо шарттарын түзүп берүү жагы сунушталсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовго жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Файзуллаев |