Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-майы №1
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы жергиликтүү жашоочулардын жайлоого чыгуу жана жайлоодон түшүү мөөнөттөрүн бекитүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун жана “Тазалык Памир” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Таабалды уулу Чолпонбайдын Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы жергиликтүү жашоочулардын жайлоого чыгуу жана жайлоодон түшүү мөөнөтөрүн бекитүү жөнүндө сунуштарын Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы жергиликтүү жашоочулардын жайлоого чыгуу мөөнөтү 15-майга калбай жайлоого көчүрүлсүн ал эми жайлоодон көчүп түшүү мөөнөтү 1-октябрдан кийин болуп бекитилсин.
2. Жергиликтүү тургундарды белгиленген мөөнөттө жайлоого көчүрүү жана жайлоодон түшүрүүнү көзөмөлгө алуу ошондой эле түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго, “Тазалык Памир” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Таабалды уулу Чолпонбайга жана Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын айыл башчыларына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
С.Мойдунов |