Редакцияот 25.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С.Юсупова айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХ-сессиясы

ТОКТОМ

 

 25.05.2024-жыл.    № 20-2

Араван айылы                                  

Айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовдун Сүтхор айылындагы МФЖнен Агро колледж куруу максатында 1,0 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук сурап жазган билдирүүсүн кароо жөнүндө.

 

Айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовдун айыл өкмөтүнүн өнүгүшүнө жана келечек муундарды сапаттуу билим алышына шарт түзүп берүүдө Сүтхор айылына Агро колледж куруу максатында Сүтхор айылындагы МФЖнен Агро колледж куруу максатында 1,0га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук сурап жазган билдирүүсүн угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.С.Юсупова айыл өкмөтүнүн Сүтхор айылындагы Мамлекеттик фонд жерине таандык болгон айыл чарба багытындагы 1,0га (сугат) айдоо аянтын Агро колледж куруу үчүн которууга (Трансформациялоого) макулдук берилсин.

 

2.Араван жергиликтүү мамлекеттик администрациясынан Сүтхор айылындагы Мамлекеттик фонд жерине таандык болгон айыл чарба багытындагы 1,0га (сугат) айдоо аянтын Агро колледж куруу үчүн которуу (Трансформациялоо) жагы суралсын.

 

3.С.Юсупова айыл өкмөтү айыл өкмөтүнүн Мамлекеттик фонд жерине таандык болгон 1,0 га сугат айдоо жерин контурун аныктоо жана Агро колледж куруу үчүн которууга (Трансформациялоого) мыйзам чегинде зарыл болгон документтерди даярдоо тапшырылсын.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовго жүктөлсүн.

 

 

Тѳрага

Н.Файзуллаев