Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-февралы №20
Ош шаарынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине жергиликтүү бюджетине (бириктирилген) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине жергиликтүү бюджетине (бириктирилген) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Ош финансы башкармалыгынын башчысы К.Абдыкадыровдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 20-февралындагы №3 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 29-мартындагы №433 токтому менен бекитилген Ош шаарынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине жергиликтүү бюджетине (бириктирилген) өзгөртүүлөр жана толуктоолор 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9 –тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.И.Шайиев) жүктөлсүн.
Төрага |
Б.Т.Баетов |