Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-майы №3
Жар-Башы айылындагы Кичи-Кокту участкасын сел алып кетүү коркунучунун алдын алуу максатында 1000 метр аралыкка дамба көтөрүүнү жана Жаш-Тилек айылындагы Сабыр көпүрөсүнүн айланасынан 200 метр аралыкты бекемдөөнү райондук региондорду өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Жар-Башы айылындагы Кичи-Кокту участкасынын сел алып кетүү коркунучунун алдын алуу максатында 1000 метр аралыкка дамба көтөрүүнү жана Жаш-Тилек айылындагы Сабыр көпүрөсүнүн айланасынан 200 метр аралыкты дамба көтөрүп бекемдөөнүрайондук региондорду өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө кайрылуусун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жар-Башы айылындагы Кичи-Кокту участкасынын сел алып кетүү коркунучунун алдын алуу максатында 1000 метр аралыкка дамба көтөрүүнү жана Жаш-Тилек айылындагы Сабыр көпүрөсүнүн айланасынан 200 метр аралыкка дамба көтөрүп бекемдөө иштерин жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу райондук региондорду өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
С.Мойдунов |