Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-майы №4
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылындагы 5-07-01-0001-0809 коду менен катталган АЗС куруу үчүн деп берилген 3000 кв. м. жер аянтына АГЗС жана АЗС курууга макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Тагаев Закирдин Дароот-Коргон айылындагы 5-07-01-0001-0809 коду менен катталган АЗС куруу үчүн деп берилген 3000 кв.м. жер аянтына АГЗС жана АЗС курууга макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылындагы 5-07-01-0001-0809 коду менен катталган АЗС куруу үчүн деп берилген 3000 кв. м. жер аянтына АГЗС жана АЗС курууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Чон-Алай айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер маселелери боюнча адистерине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
С.Мойдунов |