Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-майы №5
Кара-Кыр участкасында жайгашкан таштанды таштоочу жайды тазалап (рекультивация) башка жерге жаңыдан таштанды таштоочу жайды уюштурууга макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун жана “Тазалык Памир” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Таабалды уулу Чолпонбайдын Кара-Кыр участкасындагы таштанды ташточу жайды тазалап рекультивация кылып Кара-Кыр участкасына башка жерге 2,5 га жер аянтына жылдыруу жөнүндө сунуштарын Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Кыр участкасында жайгашкан таштанды таштоочу жайда тазалап башка жерге жаңыдан таштанды таштоочу жайды уюштурууга макулдук берилсин.
2. Мурунку таштанды таштоочу жайды тазалап рекультивация кылып Кара-Кыр участкасынан атайын таштанды таштоочу жай үчүн бөлүнүп берилген 2,5 жер аянтына жаңыдан таштанды таштоочу жайды уюштуруу жана айланасын тосуу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана “Тазалык Памир” муниципалдык ишкансынын жетекчиси Таабалды уулу Чолпонбайга милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
С.Мойдунов |