Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-майы №6
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн муниципалдык ишканасына кызматтык авто унаа (Hundai-porter) алуу үчүн акча каражаты бөлүп берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун жана “Дара таза суулары” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Таштанбековдун “Дара таза суулары” муниципалдык ишканасына кызматтык авто унаа (Hundai-porter) алуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү сунуштарын Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Дара таза сулары” муниципалдык ишканасына кызматтык авто унаа (Hundai-porter) алуу үчүн Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттардын эсебинен 1 200 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
С.Мойдунов |