Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-майы №7
“Алянс Континентал” ЖЧКсына эски карызды төлөө үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Дароот-Коргон айылындагы Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебининин фасадын капиталдык оңдоодон өткөргөн “Алянс Континентал” ЖЧКсына эски карызды төлөө үчүн 3 663 500 сом акча каражатын бөлүп берүү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дароот-Коргон айылындагы Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинин фасадын капиталдык оңдоодон өткөргөн “Алянс Континентал” ЖЧКсына комиссиянын актысынын негизинде 3 663 500 сом акча каражаты кредитордук карыз катары табылсын жана 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттардын эсебинен төлөнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
С.Мойдунов |