Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-февралы №22
Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 20-июнундагы “Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарына болгон төлөмдөрдү жогорулатуу жөнүндө” №143 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэринин орун басары С.Джунусбаевдин Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 20-июнундагы №143 “Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарына болгон төлөмдөрдү жогорулатуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 19-февралындагы №5 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 20-июнундагы №143 “Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарына болгон төлөмдөрдү жогорулатуу жөнүндө” токтомунун 2-тиркемесинин 22-пунктундагы “жогорку окуу жайлары жана техникумдар бир студентке айына 25 сом жана жылына 300 сом” деген сөздөр “жогорку жана орто окуу жайлары бир студентке айына 45 сом жана жылына 450 сом” деп өзгөртүлсүн.
2.Ош шаарындагы жогорку жана орто окуу жайларынын жетекчилери ар бир студенттин контрагында көрсөтүлгөн калькуляцияга 45 сом жана жылына 450 сом деген тарифти киргизип, бекитүү сунушталсын.
3.Ош шаарынын мэриясы, Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 20-июнундагы №143 “Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарына болгон төлөмдөрдү жогорулатуу жөнүндө” токтомунда көрсөтүлгөн катуу тиричилик калдыктарына болгон төлөмдөр боюнча иликтеп, төлөбөй жаткан мекеме, ишкана жана башка субъекттерге мыйзам чегинде чара көрүү жагы каралсын.
4.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
5.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Т.Исаев) жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.И.Шайиев) жүктөлсүн.
Төрага |
Б.Т.Баетов |