Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-майы №8
ЧЧоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн муниципалдык ишканаларды колдоо максатында акча каражатын кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн муниципалдык ишканаларды колдоо максатында жергиликтүү бюджеттен 235 000 сом акча каражатын бөлүп берүү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Тазалык Памир” муниципалдык ишканасына жашыландыруу кызматына кабыл алынган кызматкердин 2024-жылдын 1-майынан 1-октябрына чейинки кызмат акысына 175 000 сом ал эми “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасына электрик катары кабыл алынган кызматкердин 2024-жылдын 1-майынан 1-июлуна чейинки кызмат акысына 60 000 сом жалпы 235 000 сом акча каражаты субсидия катары төлөнүп берилсин.
2. Жогоруда белгиленген 235 000 сом акча каражатын төлөп берүү жагы Чоң-Алай айыл өкмөүнүн башчысы жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
С.Мойдунов |