Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-майы №9
Салык өлчөмдөрүнөн жеңилдиктерди бекитип берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жыйымдар жана салыктар боюнча башкы адис Ө.Наримбаевдин Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 411-беренесинде белгиленген жеңилдиктерди бекитип берүү жөнүндөгү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 411-беренесине ылайык 2024-жылга үй жанындагы короо жай , жер участоктору боюнча салыктан 100 %дык чен менен айыл аймактагы төмөнкү белгиленген топтордогу жарандарга жеңилдиктер берилсин.
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча Афганистан согушунун жана башка өлкөлөрдөгү согушка катышкан аскер кызматчылары, Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюуга катышкандар, ошондой эле бала чагынан майыптар, I жана II топтогу майыптарга;
- кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон же дайынсыз болгон аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү, анын ичинен эрезеге жеткенге чейинки балдарына;
- жеке жак пенсия курагына жеткен Кыргыз Республикасынын жаранына;
- эрезеге жете элек 4 же андан ашык балдары бар жеке адамдарга.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
С.Мойдунов |