Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-февралы №23
Кыргыз РеспубликасынынТурукташтыруу фондунан бөлүнүп берилген 500,0 млн.сом акча каражатына атайын техникаларды сатып алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан бөлүнүп берилген 500,0 млн. сом акча каражатына атайын техникаларды сатып алууга макулдук берүү жөнүндөгү Ош шаарынын мэриясынын сунушун карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 20-февралындагы №5 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан бөлүнүп берилген 500,0 млн. сом акча каражатына атайын техникаларды сатып алууга макулдук берилсин.
2.Ош шаарынын мэриясына 500,0 млн. сом акча каражатын туура пайдаланып, сапаттуу техникаларды сатып алуу жагы тапшырылсын.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.И.Шайиев) жүктөлсүн.
Төрага |
Б.Т.Баетов |