Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-майы №10
Дароот-Коргон айылынын тургуну Козубаев Нурмамат Суранбаевичке өзүнүн жеке менчигиндеги 2940,0 м2 жер аянтынын ичинен 378,60 м2 жер аянтын коммерциялык багытка өзгөртүп пайдалануусуна макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Козубаев Нурмамат Суранбаевичтин өзүнүн жеке менчигиндеги 2940,0 м2 жер аянтынын ичинен 378,60 м2 жер аянтын коммерциялык багытка өзгөртүп пайдалануусуна макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Козубаев Нурмамат Суранбаевичтин өзүнүн жеке менчигиндеги 2940,0 м2 жер аянтынын ичинен 378,60 м2 жер аянтын коммерциялык багытка өзгөртүп пайдалануусуна макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын жер кодексине ылайык даярдап иш алып баруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана жер маселелери боюнча жетектөөчү адис Э.Абдурахимовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
С.Мойдунов |