Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-майы №12
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун сунушун кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн бюджетине грант катары түшкөн акча каражатын кароо жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аппараттын атайын каражаттар бөлүмүнө грант катары түшкөн 1 000 000 сом акча каражаты бюджетке чегерилип гранттын максаттуу долбооруна жумшалсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
С.Мойдунов |