Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-февралы №24
Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелерин “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коому тарабынан көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Ош шаарынын мэринин орун басары З.Юсуповдун Ош шаарынын А.Мамыров көчөсүнүн №86 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 110 131,0 чарчы метр муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коому тарабынан көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 30-январындагы №13 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарынын төмөнкү даректеринде жайгашкан муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коому тарабынан көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин:
- А.Мамыров көчөсүнүн №86 дарегиндеги 6601,0 чарчы метр жер тилкеси (идентификациялык номери: 5-11-04-0061-0064);
-А.Мамыров көчөсүнүн №86“е” дарегиндеги 13031,0 чарчы метр жер тилкеси (идентификациялык номери: 5-11-04-0061-0071);
-А.Мамыров көчөсүнүн №86 “ж” дарегиндеги 8065,0 чарчы метр жер тилкеси (идентификациялык номери: 5-11-04-0061-0070);
-А.Мамыров көчөсүнүн №86 “з” дарегиндеги 5646,0 чарчы метр жер тилкеси (идентификациялык номери: 5-11-04-0061-0068);
-А.Мамыров көчөсүнүн №86 “и” дарегиндеги 2251,0 чарчы метр жер тилкеси (идентификациялык номери: 5-11-04-0061-0063);
-А.Мамыров көчөсүнүн №86 “к” дарегиндеги 23819,0 чарчы метр жер тилкеси, анын ичинен жол үчүн сервитут 3570,0 чарчы метр (идентификациялык номери: 5-11-04-0061-0087);
-А.Мамыров көчөсүнүн №86 “л” дарегиндеги 3442,0 чарчы метр жер тилкеси (идентификациялык номери: 5-11-04-0061-0072);
-А.Мамыров көчөсүнүн №86 “м” дарегиндеги 2357,0 чарчы метр жер тилкеси (идентификациялык номери: 5-11-04-0061-0067);
-А.Мамыров көчөсүнүн №86 “о” дарегиндеги 44919,0 чарчы метр жер тилкеси, жол үчүн сервитут 3149,40 чарчы метр (идентификациялык номери:5-11-04-0061-0062).
2.Ош шаарынын мэриясына (Ж.Токторбаев) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү милдеттендирилсин.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.И.Шайиев) жүктөлсүн.
Төрага |
Б.Т.Баетов |