Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-февралы №25
Ош шаарынын айрым географиялык объекттерине аталыштарды ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы географиялык жана мамлекеттик маанидеги объекттерди атоо жана аталыштарын өзгөртүү боюнча атуулдардан, жамааттардан келип түшкөн кайрылууларды, арыздарды кароо боюнча комиссиясынын 2024-жылдын 22-апрелиндеги №1, 2024-жылдын 6-августундагы №2, 2025-жылдын 19-февралындагы №4 протоколдорун карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 20-февралындагы №14 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарынын айрым көчөлөрүнүн аталыштары өзгөртүлүп, төмөнкүдөй аталсын:
-Ош шаарынын Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын Ак-Тилек кичи районундагы №15 көчө, Жолболду Алибаев атындагы көчө;
-Ош шаарынын Курманжан Датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын Тажик көчөсү, Шахомахомат Шаюсупов атындагы көчө;
-Ош шаарынын Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын Ак-Тилек кичи районундагы №17 көчө, Сапарбек Эшалиев атындагы көчө.
2.Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт стационарына Мурзайым Разаеванын ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
3.Көчөлөрдүн аты жазылган көрнөктөрдү даярдоого жана орнотууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ош башкармалыгына (К.Абдыкадыров), аларды даярдоо жана орнотуу Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Т.Нурматов) милдеттендирилсин.
4.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Ош филиалы (А.Мокеев), Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы (Каныбек уулу А.) учеттук-инвентаризациялоо маалыматтарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
5.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
6. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.И.Шайиев) жүктөлсүн.
Төрага |
Б.Т.Баетов |