Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 31-январы №14
Ош шаарын жакынкы аралыкта өнүктүрүү багыттары жөнүндө
Ош шаарын жакынкы аралыкта өнүктүрүү багыттары жөнүндө Ош шаарынын жаңы дайындалган мэри Токторбаев Жеңишбек Шермаматовичтин маалыматын жана депутаттардын сунуштарын угуп, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарын жакынкы аралыкта өнүктүрүү багыттары жөнүндө Ош шаарынын жаңы дайындалган мэри Токторбаев Жеңишбек Шермаматовичтин маалыматы эске алынсын.
2.Ош шаарын жакынкы аралыкта өнүктүрүү боюнча шайлоочулардын суроо-талаптарын эске алуу менен, депутаттар тарабынан айтылган сунуштар Ош шаарын өнүктүрүү Программасына жана аткарыла турган иш чаралардын пландарына киргизүү үчүн Ош шаарынын мэриясына тапшырылсын (сунуштар тиркелет).
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси И.Э.Абдыраимовго жүктөлсүн.
Төрага |
Б.Т.Баетов |