Редакцияот 29.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

2024-жылдын 29-марты  №433

Ош шаарынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине жергиликтүү бюджети (бириктирилген) жөнүндө

Ош шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 7-мартындагы № 209 токтомун, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ош финансы башкармалыгынын сунушун эске алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл-аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, токтом кылат:

 

1.Ош шаарынын 2024-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер боюнча 3 010 916,1 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 3 010 916,1 миң сом суммасында 1, 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.Ош шаарынын 2025-2026-жылдарга жергиликтүү бюджетинин төмөнкүдөй пландык көрсөткүчтөрү жактырылсын:

1) кирешелер жана чыгашалар боюнча пландык көрсөткүчтөр 2025-жылга – 3 092 414,8 миң сом суммасында 3-тиркемеге ылайык;

2) кирешелер жана чыгашалар боюнча пландык көрсөткүчтөр 2026-жылга – 3 189 168,9 миң сом суммасында 4-тиркемеге ылайык.

3.Жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн ченемдери Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Мыйзамына ылайык белгиленсин.

4.Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык мекемелерине жана ишканаларына жергиликтүү бюджеттин эсебинен берилүүчү субсидиялар 5-тиркемеге ылайык бекитилсин.

5.Ош шаарынын мэриясы тарабынан алынган насыяларды жоюуга жана Ош шаары мүчө болуп кирген Эл аралык уюмдарга жана ассоциацияларга мүчөлүк акы төлөөгө 276 300,0 миң сом акча каражаты каралсын.

6.Жергиликтүү бюджеттин эсебинен Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу уюмдардагы балдардын күнүмдүк тамактануусунда төмөндөгү ченемдер белгиленсин:

1) мектепке чейинки билим берүү уюмдарында:

- 3 жашка чейинки курактагы балдар үчүн – 13 сом;

- 3 жаштан 7 жашка чейинки курактагы балдар үчүн – 18 сом;

- Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыктарындагы жана Манас айыл аймагынан Ош шаарына кошулган Жаңы-Маала, Жим жана Жийделик участокторунан өткөн билим берүү уюмдарындагы балдардын күнүмдүк тамактануусундагы ченемдер 2024-жылга аталган айылдык кеңештердин токтому менен бекитилген чечимдин негизинде калтырылсын;

2) кургак учук оорусуна каршы санатордук типтеги № 40 “Наристе” мектепке чейинки билим берүү уюмундагы балдар үчүн – 50 сом;

3) жалпы билим берүү уюмдарындагы 1-4-класстардын окуучулары үчүн – 15 сом;

4) Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыктарындагы жана Манас айыл аймагынан Ош шаарына кошулган Жаңы-Маала, Жим жана Жийделик участокторунан өткөн билим берүү уюмдарындагы 1-4-класстардын окуучулары үчүн күнүмдүк тамактануусундагы ченемдер (14 сом) 2024-жылга республикалык бюджеттин эсебинен бөлүнүүчү трансферттин эсебинен каржылоо жагы белгиленсин;

5) № 11 В.В. Терешкова атындагы мектеп-интернатында жатып окуган окуучулар үчүн – 110 сом.

7.Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү уюмдарында, “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунда, “Мээрим” билим берүү борборунда эмгектенген мугалимдер, тарбиячылар үчүн коммуналдык төлөмдөргө жеңилдиктер бир кызматкерге айына кошумча 300 сом өлчөмүндө 2024-жылдын 1-январынан тартып, Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыктарындагы, Манас айыл аймагынан Ош шаарына кошулган Жаңы-Маала, Жим жана Жийделик участокторунан өткөн мектепке чейин жана жалпы билим берүүчү уюмдарында эмгектенген мугалимдер, тарбиячылар үчүн коммуналдык төлөмдөргө жеңилдиктер бир кызматкерге айына кошумча 300 өлчөмүндө 2024-жылдын 1-апрелинен тартып белгиленсин.

8.“Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын, Ош шаарынын мэриясынын жарандарды тейлөө бюросунун, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын (титулдук баракчасынын эсебинен каржыланган жумушчулар), “Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак жай-коммуналдык ишканасы” муниципалдык ишканасынын, “Ошсвет” муниципалдык ишканасынын, “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасынын, “Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын, Ош шаарынын маданият башкармалыгынын (иш-чаралары), “А.Суюмбаев атындагы Ош шаардык стадиону жана “Алай” футболдук клубу” муниципалдык ишканасынын кенже тейлөөчү кызматкерлеринин кызматтык маяналарына 2024-жылдын 1-январынан тартып ай сайын төлөнүүчү үстөк акылардын өлчөмү 6-тиркемеге ылайык белгиленсин.

9.Ош шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын, Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын муниципалдык, техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкерлеринин кызматтык маяналарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 пайыз өлчөмдө үстөк 2024-жылдын 1-январынан тартып белгиленсин.

10.Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын, Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин, Ош шаарынын маданият башкармалыгынын, Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын, Жапалак айыл аймактык башкармалыктарынын муниципалдык кызматкерлеринин кызматтык маяналарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 40 пайыз, башкы эсепчилерге 6250 сом, эсепчилерге, чарба башчыларына 5000 сом, айдоочуларга 3750 сом, катчыларга, операторлорго, иш кагаздарын жүргүзүүчү кызматкерлерге 2500 сом, кенже тейлөөчү кызматкерлерге 2000 сом өлчөмдө үстөк 2024-жылдын 1-январынан тартып, Төлөйкөн жана Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыктарынын кызматкерлерине жогорудагы үстөктөр 2024-жылдын 15-мартынан тартып белгиленсин.

11.Ош шаарынын мэриясынын алдындагы автогараждын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 7000 сом өлчөмдө үстөк 2024-жылдын 1-январынан тартып белгиленсин.

12.“Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын, “Ошсвет” муниципалдык ишканасынын, Ош шаарынын жарандарын тейлөө бюросунун, “Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак жай-коммуналдык ишканасы” муниципалдык ишканасынын, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын (титулдук баракчасынын эсебинен каржыланган чарба башчысына), “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасынын, “Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын, “А.Суюмбаев атындагы Ош шаардык стадиону жана “Алай” футболдук клубу” муниципалдык ишканасынын административдик-техникалык кызматкерлеринин кызматтык маяналарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 40 пайыз өлчөмдө үстөк 2024-жылдын 1-январынан тартып белгиленсин.

13.Кармышак Ташбаев атындагы Ош шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын, “Боорукердик” үй-интернатынын, Ош шаарынын маданият башкармалыгынын эсепканасынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 4000 сом өлчөмдө үстөк 2024-жылдын 1-январынан тартып, Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыктарынан өткөн китепканалардын кызматкерлерине 4000 сом өлчөмдө үстөк 2024-жылдын 1-апрелинен тартып белгиленсин.

14.Ош шаарынын мэриясынын алдындагы көп тармактуу “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борбору” мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 6000 сом, төрт психолог жана бир социалдык педагог кызматкерлеринин транспорттук чыгымдары үчүн айына 1500 сом өлчөмдө үстөк 2024-жылдын 1-январынан белгиленсин.

15.Ош шаарынын жарандарын социалдык жактан коргоо боюнча иш-чараларын каржылоого чыгашалар 7-тиркемеге ылайык бекитилсин.

16.2024-жылга жана 2025-2026-жылдарга Ош шаары боюнча бюджеттик программалардын жана чаралардын түзүмү 8-тиркемеге ылайык бекитилсин.

17.Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2024-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен каржылануучу иш-чаралардын тизмеси 9-тиркемеге ылайык бекитилсин.

18.Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинен 2024-жылга карата чыгашаларды каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде биринчи кезекте корголгон беренелерге (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, дары-дармек, тамак-аш жана социалдык жеңилдиктер) жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.

19.Каражаттардын чыгымдалышы жана чыгаша беренелеринин максаттуу пайдаланышы үчүн жеке жоопкерчилик бюджеттик мекемелердин, муниципалдык ишканалардын, уюмдардын жетекчилерине жүктөлсүн.

20.Бюджеттик мекемелерге жана муниципалдык ишканаларга атайын каражаттарды казына системасынан сырткары колдонууга тыюу салынсын.

21.Салык жана салыктык эмес түшүүлөр боюнча бекитилген киреше бөлүктүн (ар бир түрү боюнча) толук көлөмдө аткарылышы үчүн Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын, Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары жана түштүк региону боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын, “Ош шаарынын борбордук базар дирекциясы”, “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканаларынын жетекчилерине жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.

22.Токтом белгиленген тартипте катталсын (А. Дүйшеналы кызы).

23.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаарынын мэринин биринчи орун басарына (М.А. Исаев) жана орун басарларына (З.Б. Юсупов, С.К. Джунусбаев, Н.С. Кадыров) жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

      Төрага

 

Б.Ж.Жетигенов