Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезексиз XXIX сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели № 1

Кыргыз Республикасынын Президентинин  2023-жылдын 29-декабрындагы 370-Жарлыгына ылайык Ноокат  шаарынын схемалык картасына жана ага тиркелген чек ара боюнча баяндамасына макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Ноокат  районунун Ноокат шаарынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Ноокат шаарынын аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап  Ноокат шаардык кеңеши төмөнкүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаарынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

2.Ноокат шаардык кеңешинин төрагасына жана Ноокат шаарынын мэрине схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

3.Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Төраганын орун басары:

Г. Дуванаева