Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезексиз XXIX сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели № 2

Ноокат  шаар мэриясындагы өз ара жардамдашуу тобун жана алардын Жобосун бекитүү жөнүндө

Ноокат шаардык кеңеши, бир канча жылдардан бери  Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан каржыланган “Чексиз мүмкүнчүлүктөр” долбоорунун алкагында Ош шаарындагы “Нур заман” өзгөчө балдардын ата-энелеринен түзүлгөн Коомдук Бирикмеси менен 2023-2024-жылдары түзүлгөн жана кол коюлган кызматташуу келишиминин негизинде улгайган жарандарга жана майыптыгы бар адамдарга жеткиликтүү жумуш орунду түзүүнү камсыздоо жана колдоо, иш ордун түзүү боюнча кызматташып иштеп келе жаткан аялдардан түзүлгөн өз ара жардамдашуу тобу жана Жобосу жөнүндө  Ноокат  шаар мэриясынын аппарат жетекчиси Ч.Инаковнанын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып,  сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат  шаарында “Ийгилик” аталышындагы топтору өз ара жардамдашуу аркылуу кичи ишмердүүлүктү жургузүү, жардамдашуу топторунун мүчөсү катары иш оорунга ээ болуу жана ушул өз ара жардамдашуу тобунун мүчөлөрү жалпы иштеп чыккан Жобосу бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Ноокат шаардык кенешинин  бюджет, экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясына, анын төрагасы  А.Б. Орозалиевага тапшырылсын.

 

Төраганын орун басары:

Г. Дуванаева