Редакцияот 11.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезектеги XXVI  сессиясы

 

2024-жылдын 11-январы № 1

Ноокат шаардык мэриясынын 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2024-жылга шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджети жана 2025-2026-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө

Ноокат шаардык мэриясынын 2022-жылга  шаардык  бюджетинин аткарылышы, 2024-жылга каралган жергиликтүү  бюджетинин жана 2025-2026-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени   “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети жана 2025-2026-жылдарга  болжолу жөнүндөгү”  Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда  Ноокат шаардык кенешинин  бюджет,  экономика, финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган.

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү  мамлекеттик  администрациялар  жөнүндөгү” Мыйзамынын  27-статьясынын 5 пунктуна ылайык  Ноокат шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.2024-жылга Ноокат шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин планы жана чыгашалары планы 91 082,6 миң сомго бекитилсин.

2.2024-жылга шаардык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык аныкталсын. Шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2024-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц.фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.

3.Ноокат шаардык мэриясынын 2025-2026-жылдарга шаардык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү №2, 3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.

Кирешенин болжолу 2025-жылга 98 442,6 миң сомго жана 2026-жылга 109 146,6 миң сомго белгиленсин.

Ноокат шаардык мэриясынын 2024-2025-жылдарга шаардык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.

4.Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча акча бөлүгү толугу менен шаардык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.
5.Шаардык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.
Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайызы республикалык бюджетке алынып коюлары эскертилсин.
6.Ноокат шаар мэриясынын 2022-жылдагы шаардык бюджеттин бекитилген киреше бөлүгү 62 215,6 миң сомго, такталган планы 88 029,4 миң сомго, аткарылышы 88 851,1 миң сомго же кирешенин 821,7 миң сомго коп аткарылгандыгы №4,5 тиркемеге ылайык белгиленсин.
7.Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

Б. Мадмаров