Редакцияот 06.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезексиз XXVII сессиясы

 

2024-жылдын 6-февралы  № 2

Ноокат шаар мэриясынын 2024-2026-жылдарга карата социалдык-экономикалык  өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө

 

Шаардын экономикасын көтөрүү  жана калктын жашоо шартын жакшыртуу, көйгөйлүү маселелерин чечүү максатында шаардын аймактарына инвестицияларды тартуу багытында Ноокат шаар мэриясынын 2024-2026-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү  программасын бекитүү  жөнүндө Ноокат шаардык мэриясынын сунушунун негизинде Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет, экономика, финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу    комиссиясы жана Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы  мыйзамдуулукту, укук тартибин  сактоо,  өз алдынча башкаруу,   регламент, депутаттык  этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар,  дин иштери маселелери  боюнча туруктуу   комиссияларынын кошмо жыйынынын берген тактамасын карап чыгып, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү”, “КР Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү”, КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча ченемдик укуктук актыларынын 4-главасындагы Жергиликтүү кеңештердин ишинин уюштуруучулук-укуктук  негиздери боюнча 31-беренесинин  3-пунктуна ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин регламентинин талаптарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаар мэриясынын 2024-2026-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы каталары менен кемчиликтерин эске алып, бекитилсин.

2.Токтомдун көчүрмөсүн аткаруу жана маалымат үчүн тийиштүү тараптарга жөнөтүлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаттары Т.Т.Кадирбаевге, Г.К. Дуванаевага жүктөлсүн.

 

Төрага:

Б. Мадмаров