НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
2024-жылдын 6-февралы № 5
Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин отказанынын моорусуна атайын тазалоочу эмерек (фильтр) орнотууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин отказанынан чыккан кара түтүн жарандардын дең-соолугуна жана айлана чөйрөнүн экологиясына терс таасирин тийгизип жаткандыгына байланыштуу аталган отказандын моорусуна атайын тазалоочу эмерек (фильтр) орнотууга көмөк көрсөтүү жөнүндөгү маселе Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин отказанынын моорусуна атайын тазалоочу эмерек (фильтр) орнотуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражаты эсебинен 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Т.Т.Кадирбаевке тапшырылсын.
Төрага: | Б. Мадмаров |