Редакцияот 06.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезексиз XXVII сессиясы
 

2024-жылдын 6-февралы  № 7

Ноокат шаарына караштуу А.Абдуваитов атындагы орто мектебине кичи футбол аянтчасын куруу үчүн Ош облустук өнүктүрүү фондуна өздүк салымга жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаты ажыратып берүү жөнүндө

 

Ноокат шаар мэриясы, 2022-2024-жылдардагы социалдык экономикалык өнүгүү программасынын иш аракеттер планынын алкагында 2024-жылдын иш планына киргизилген  Ноокат шаарына караштуу А.Абдуваитов атындагы орто мектебине кичи футбол аянтчасын куруу үчүн Ош облустук өнүктүрүү фондуна тапшырылган долбоорго өздүк салымга жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаты ажыратып берүү жөнүндөгү маселе Ноокат шаардык кеңешинин бюджет,  финансы,  экономика, соода  маселелер боюнча  туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып,  Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаарына караштуу А.Абдуваитов атындагы орто мектебине кичи футбол аянтчасын куруу үчүн өздүк салымга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 5 000 000 (беш миллион) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты С.Нурманбетовго тапшырылсын.

 

      Төрага:

Б. Мадмаров