НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
2024-жылдын 6-февралы № 13
Ноокат шаарынын муниципалдык менчигинде турган объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын ““Ноокат шаарынын муниципалдык менчигинде турган объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө” жобону бекитип берүү жөнүндөгү маселе Ноокат шаардык кеңешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Ноокат шаарынын муниципалдык менчигинде турган объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобо №1-тиремеге ылайык бекитилсин.
2.Жер участогун ижаралоонун типтүү келишими №2-тиремеге ылайык бекитилсин.
3.Ноокат шаарынын муниципалдык менчигинде турган объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүдө ушул жобонун талаптары жетекчиликке алышсын.
4.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик жана укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Х.А.Маткосимовго жүктөлсүн.
Төрага: | Б. Мадмаров |