НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
2024-жылдын 6-февралы № 16
Ноокат шаар мэриясынын Ноокат шаар кеңешинин жана Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин кызматкерлеринин бир айлык эмгек акысына үстөктөрдү кошуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 ПЖ Жарлыгынын 4-5-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаар мэриясынын, Ноокат шаар кеңешинин жана Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин кызматкерлеринин бир айлык эмгек акысына 50 пайыз үстөктөрдү бекитип берүү жөнүндө сунуштун негизинде, үнөмдөлгөн акча каражаттын эсебинен Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын жана Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кошмо отурумуну тактамасынын жыйынтыгында, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаар мэриясынын кызматкерлеринин кошумча бир айлык эмгек акысына 50 пайыздык үстөк үчүн 2 628 300 (эки миллион алты жүз жйырма сегиз миң үч жүз) сом, социалдык төлөмдөрү үчүн 211 500 (эки жүз он бир миң беш жүз) сом акча каражаты бекитип берилсин.
2.Ноокат шаар кеңешинин кызматкерлеринин кошумча бир айлык эмгек акысына 50 пайыздык үстөк үчүн 660 000 (алты жүз алтымыш мин) сом, социалдык төлөмдөрү үчүн 100 000 (бир жүз миң) сом акча каражаты бекитип берилсин.
3.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин кызматкерлеринин бир айлык эмгек акысына 25 пайыз үстөк туруктуу негизде төлөнсүн. Ал эми 50 пайызга чейинки үстөк акча үчүн 1 534 147 (бир миллион беш жүз отуз төрт мин бир жүз кырк жети) сом, социалдык төлөмдөрү үчүн 234 547 (эки жүз отуз төрт миң беш жүз кырк жети) сом акча каражаты бекитип берилсин.
4.Ноокат шаар мэриясынын кенже тейлөө кызматкерлерыне (МОП) жана техникалык тейлөо кызматкерлерыне (ТОП) кошумча 50 пайыздык үстөк үчүн 162 300 (бир жүз алтымыш эки миң үч жүз), социалдык төлөмдөрү үчүн 28 000 (жыйырма сегиз миң) сом акча каражаты бекитип берилсин.
5.Ноокат шаар мэриясынын кызматкерлерин материалдык жүйөлөштүрүү жана аларга дем берүү максатында иштин татаалдыгы, сапаты, иштин жыйынтыгы, кесиптик демилге көрсөткөндүгү жана ченемге салынбаган иштин режими үчүн 50 (элүү) га чейин айлык акысына үстөктүн өлчөмүн белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобо №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
6.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин кызматкерлерин материалдык жүйөлөштүрүү жана аларга дем берүү максатында иштин татаалдыгы, сапаты, иштин жыйынтыгы, кесиптик демилге көрсөткөндүгү жана ченемге салынбаган иштин режими үчүн 50 (элүү) га чейин айлык акысына үстөктүн өлчөмүн белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобо №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты А.А.Кодиралиевке тапшырылсын.
Төрага: | Б. Мадмаров |