Редакцияот 06.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезексиз XXVII сессиясы
 

   2024-жылдын 6-февралы  № 17

Ноокат шаарынын  аймагындагы  “Мектепке чейинки     билим берүү мекемелерине” 2024-жылдын 1-январына  атайын эсебиндеги үнөмдөлгөн  акча каражатын  бөлүп берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын аймагындагы “Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине” 2024-жылдын 1-январына атайын эсебиндеги үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаарынын аймагындагы  “Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине” 2024-жылдын 1-январына атайын эсебиндеги үнөмдөлгөн  257 500  (эки жүз элүү жети миң беш жүз)  сом акча каражатын  шаардын аймагындагы  “Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине” төмөнкүчө бекитип берилсин:

-2222-ар турдуу чарбалык жана кеңсе товардар сатып алууга  257 500  (эки жүз элүү жети миң беш жүз)  сом;

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кеңешинин  бюджет,  экономика, финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар  боюнча туруктуу  комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты А.Б.Орозалиевага тапшырылсын.

 

Төрага:

Б. Мадмаров