Редакцияот 06.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезексиз XXVII сессиясы
 

   2024-жылдын 6-февралы  № 19

Ноокат шаарынын аймагындагы “Ынтымак” толук эмес орто мектебине кошумча навес жана септик куруу үчүн өздүк салымга (ПРООН) акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын аймагындагы “Ынтымак” толук эмес орто мектебине кошумча навес жана септик куруу үчүн өздүк салымга (ПРООН) акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү маселе Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаарынын аймагындагы “Ынтымак” толук эмес орто мектебине кошумча навес жана септик куруу үчүн өздүк салымга (ПРООН) Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражаты эсебинен 444 700 (төрт жүз кырк төрт миң жети жүз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кеңешинин  бюджет, экономика, финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу    комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Н.З.Ураимовго тапшырылсын.

 

Төрага:

Б. Мадмаров