Редакцияот 22.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Бириккен Курманжан Датка айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясынын

ТОКТОМУ

 

22.02.2024 №1

Боз-Караган айылы                                  

Бириккен Курманжан Датка айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу

 

«Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону жетекчиликке алып,

 ТОКТОМ  КЫЛАТ :

 

1. Бириккен Курманжан Датка айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 22-февралындагы №1 протокол бекитилсин.

2. Курманжан Датка бириккен айыл аймагынын Курманжан Датка айылдык кеңешинин Абдыкадырова Зина Дарбановна шайланган төрагасы деп таанылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Тѳрайым

З. Д. Абдыкадырова