НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
2024-жылдын 6-февралы № 22
Ноокат шаарына караштуу Х.Самиев атындагы орто мектебинин от казандарын оңдоп түзөө үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарына караштуу Х.Самиев атындагы орто мектебинин от казандарын оңдоп түзөө үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаар мэриясынын 2024-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен Ноокат шаарына караштуу Х.Самиев атындагы орто мектебинин от казандарын оңдоп түзөө үчүн 2 004 675 (эки миллион төрт миң алты жүз жетимиш беш) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Т.Т.Кадирбаевке тапшырылсын.
Төрага: | Б. Мадмаров |