Загрузка документа…
Курманжан Датка айылдык кеңешинин VI кырылышынын 3-отурумунун
ТОКТОМУ
18.04.2024 №3/1
Боз-Караган айылы
Курманжан Датка айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Алай районунун Курманжан Датка айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Курманжан Датка айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Курманжан Датка айылдык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
1. Курманжан Датка айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Курманжан Датка айылдык кеңешинин төрайымына жана Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Тѳрайым | З. Д. Абдыкадырова |