Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Курманжан Датка айылдык кеңешинин  VI кырылышынын  3-отурумунун

ТОКТОМУ

 

18.04.2024 №3/3

Боз-Караган айылы                                  

Кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берилип, мөөнөтү бүткөн жерлерди 2024-жылга аукционго коюу жана жерлердин ижара акысын бекитүү жөнүндө

 

Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берилип, мөөнөтү бүткөн жерлерди 2024-жылга ижарага берүү үчүн аукциондун алгачкы баасын коюп берүүнү угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 111-беренесинин 1-пунктуна ылайык жана 2022-жылдын 18-январындагы №3 “Салык Кодексинин” 401-412-беренелерине ылайык Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларын төмөндөгү өлчөмдө бекитилсин:

- сугат айдоо жер үчүн - 250 сом/кв.м;

- кайракы айдоо жер үчүн - 62,3 сом/кв.м;

- көп жылдык өсүмдүктөр (бак) - 234 сом/кв.м;

- чөп чабындылар үчүн – 27,7 сом/кв.м;

 

2. Айыл аймагындагы 2024-жылга карата кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берилип бирок мөөнөтү бүткөн жерлерди аукционго келишимдин негизинде берилсин.

3. Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн төмөндөгүдөй өлчөмдө баасы коюлсун.

- сугат айдоо жер үчүн - 2100 сом/кв.м;

- кайракы айдоо жер үчүн - 1050 сом/кв.м;

- көп жылдык өсүмдүктөр (бак) - 840 сом/кв.м;

- чөп чабындылар үчүн - 500 сом/кв.м;

 

4. Жер салыгы жана камсыздандыруу мүчөлүк акылары аукциондон утуп алгандан кийинки келишимдин негизинде көрсөтүлгөн сумманын эсебинен түзүлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына жана жер маселелери боюнча башкы адиси К. А. Пасаңовго милдеттендирилсин..

 

 

Тѳрайым

З. Д. Абдыкадырова