Редакцияот 28.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезексиз XXVIII сессиясы
 

   2024-жылдын 28-марты  № 2

Ноокат  шаар мэриясынын ишмердүүлүгү боюнча Жобосун бекитүү жөнүндө

Ноокат шаар мэриясынын ишмердүүлүгү боюнча Жобосун бекитүү жөнүндөгү маселе Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаар мэриясынын ишмердүүлүгү боюнча Жобо жактырылсын.

2.Ноокат шаар мэриясынын ишмердүүлүгү боюнча Жобосу бекитилүүсүнө макулдук берилсин.

3.Токтомдун аткарылышын Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү З.Ю.Имамовго тапшырылсын.

 

Төрага:

Б. Мадмаров