Курманжан Датка айылдык кеңешинин VI кырылышынын 3-отурумунун
ТОКТОМУ
18.04.2024 №9/5
Боз-Караган айылы
Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Боз-Караган айылынын Булуң участкасындагы 1978-жылы курулган Алай райондук ЖДПБнын карамагында турган имаратынын курчалган жер аянтын берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 25-беренесинин 1-пунктуна жана 2002-жылдын 15-мартындагы №37 Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктунун 19-беренесинин негизинде Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңешини токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 25-беренесинин 1-пунктуна жана 2002-жылдын 15-мартындагы №37 Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктунун 19-беренесинин негизинде Курманжан Датка айыл аймагынын Боз-Караган айылынын Булуң участкасындагы 1978-жылы курулган кургак учук ооруканасы жайгашкан 1 (бир) га жер аянтын, Алай райондук ЖДПБга пайдаланууга чегерилип берилсин.
2. Боз-Караган айылынын Булуң участкасындагы көрсөтүлгөн жер аянтын тактап, тиешелүү иш кагаздарын даярдап, Алай райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Алай филиалынан суроо жер маселери боюнча башкы адиси К. А. Пасаңовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Тѳрайым | З. Д. Абдыкадырова |