Курманжан Датка айылдык кеңешинин VI кырылышынын 3-отурумунун
ТОКТОМУ
18.04.2024 №3/6
Боз-Караган айылы
Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Арпа-Тектир айылындагы калкты сугат суу менен камсыз кылуу максатында суу насосуна жер аянтын берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 27-беренесинин 3-пунктуна жана 2002-жылдын 15-мартындагы №37 Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө Мыйзамынын 19-беренесинин негизинде Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңешини токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 27-беренесинин 3-пунктуна жана 2002-жылдын 15-мартындагы №37 Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө Мыйзамынын 19-беренесинин негизинде Курманжан Датка айыл аймагынын Арпа-Тектир айылына калкты сугат суу менен камсыз кылуу үчүн муниципалдык жерден суу насосун орнотууга 400,0 чарчы метр жер аянты чегерилип берилсин.
2. Арпа-Тектир айылынан ткөрсөтүлгөн жер аянтын тактап, тиешелүү иш кагаздарын даярдап, Алай райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Алай филиалынан суроо жер маселери боюнча башкы адиси К. А. Пасаңовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Тѳрайым | З. Д. Абдыкадырова |