Загрузка документа…
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 3-отурумунун
ТОКТОМУ
13.01.2025 №3/2
Боз-Караган айылы
Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн 2024-жылда бекитилген социалдык- экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы 2025-жылга өнүгүү планын жана 2025-2028-жылдарга болжолдуу программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 3-бөлүмчөсүнө ылайык Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн 2024-жылда бекитилген социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышын угуп, 2025-жылга өнүгүү планын жана 2026-2028-жылдарга болжолдуу программасын бекитүүнү карап,талкуулап Курманжан Датка айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн 2024-жылда бекитилген социалдык- экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
2. 2025-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планы жана 2026-2028-жылдарга болжолдуу программасы бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн статист-экономистине (Т.Романов) тапшырылсын.
Тѳрага | Д. Камчыбек уулу |