Загрузка документа…
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 3-отурумунун
ТОКТОМУ
13.01.2025№3/4
Боз-Караган айылы
Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн Боз-Караган айылынын тургуну Сазанова Дилназ Курманбековнага ардактуу атуул наамын ыйгаруу жөнүндө
Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу тартиби жөнүндөгү Жобонун жана Боз-Караган Жар-Кыштак айылынын жарандарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Курманжан Датка айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Курманжан Датка айыл аймагынын социалдык-экономикалык өсүп өнүгүүсүнө кошкон салымы, спорт жаатында кыргыз элинин желегин желбиреткен спортчу Азия оюнунун, Иэмен мамлекетинин Азия чемпионатында жана Корея Эл аралык мелдештин Гран При алтын медалынын ээси чемпион Сазанова Дилназ Курбанбековнага Курманжан Датка айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.
2. Курманжан Датка айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” төш белгиси жана лентасын даярдоо үчүн кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен камсыздап берүү жагы СЭӨП бөлүм башчыга (Ж. Исакова) жүктөлсүн.
3. 3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Орозбай уулуна тапшырылсын.
Тѳрага | Д. Камчыбек уулу |